Сөз эркиндигин коргоп, баштапкы коду ачык купуялык технологиясы аркылуу дүйнө жүзү боюнча коопсуз байланышты камсыз кылабыз.

Миссиябыз

Сөз эркиндигин коргоп, баштапкы коду ачык купуялык технологиясы аркылуу дүйнө жүзү боюнча коопсуз байланышты камсыз кылабыз.

Купуялык биринчи орунда

Signal Messenger сыяктуу кызматыбыз менен, колдонуучулардын купуялыгын камсыз кылып, алардын маалыматына "жоопкерчилик менен" мамиле кылабыз дегендин ордуна, ошол маалыматтын башка бирөөлөрдүн, жада калса, өзүбүздүн колубузга түшпөгүдөй коопсуз сактаганга аракет кылабыз.

Баштапкы коду ачык программалар

Баштапкы коду ачык программалар коомчулугунун мүчөсү катары, технологияларыбызды жана көргөн-билген нерселерибизди башка компаниялар да өз кызматтары менен өндүрүмдөрүндө колдоно алышы үчүн программаларыбыздын баштапкы кодун жашырбайбыз.

Коммерциялык эмес уюм

Signal Фонду - коммерциялык эмес уюм (Салык кодексинин 501c3 бөлүмү боюнча). Ушул статусубуз менен сыймыктанып, коммерциялык эмес уюм катары, пайда көрүүнү көздөгөн компаниялар сыяктуу эле, жаңы нерселерди ойлоп таап, кеңири масштабда иштей ала турганыбызды далилдегибиз келет.

Фонд жана ЖЧК

Signal фонду 2012-жылы иштеп баштаган Signal байланыш колдонмосун колдоо максатында 2018-жылы түзүлгөн. Фонд аркылуу Signal кызматынын өсүп-өнүгүүсүнө жана үзгүлтүксүз иштешине колдоо көрсөтүп, келечектеги байланыштардын купуялыгын камсыз кылуу жолдорун изилдейбиз.

Кирешеге караганда коопсуздукту жогору коебуз

Signal – аны колдонгон жана баалаган адамдардын күч-аракети менен иштеген, жарнамачылары же инвесторлору жок коммерциялык эмес уюм.

Эмне үчүн Фонд жана ЖЧК?

Signal Фондун Signal Messenger кызматынын башкы компаниясы кылып түздүк, себеби келечекте купуялыкты камсыз кылууну көздөгөн башка долбоорлорго да колдоо көрсөткүбүз келет.

Баарына акысыз

Акысыз Signal Messenger колдонмосун колдонуучулардын жардамы менен, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга жеткиребиз. Колдойсузбу?

Башкармалык

Амба Как

Amba Kak

Амба Как - он жылдан ашуун мамлекеттик органдарга, өнөр-жай тармактарына, жарандык коомдун уюмдарына жана кайрымдуулук уюмдарына трансулуттук кеңешчи болгон юрист жана технологиялык саясат жаатындагы эксперт. Учурда Нью-Йорк шаарындагы алдыңкы саясат изилдөөчү уюм болгон AI Now институтунун аткаруучу мүдүрү болуп, Киберкоопсуздук жана купуялык институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенет.

Амба АКШнын Федералдык соода комиссиясынын улук кеңешчиси болуп, келип чыккан технологиялык маселелердин үстүнөн иштеген органга кеңештерин берген. AI Now институтуна келгенге чейин, Амба Mozilla компаниясында Дүйнөлүк саясат боюнча кеңешчи болуп иштеп, маалыматтардын купуялыгы тууралуу мыйзамдар, ошондой эле Азия-Тынч океан чөлкөмүндө жана андан тышкары аймактарда тармактын бейтараптыгын сактоо маселелери боюнча уюмдун позицияларын өнүктүрүп, илгерилеткен. Учурда Mozilla фондунун Мүдүрлөр кеңешинин программалары боюнча комитеттин мүчөсү. Амба укуктар бакалавры наамын Индиянын Юридикалык илимдер улуттук университетинде окуп, артыкчылык менен алган. Укуктар магистри наамын жана Социалдык илимдер жаатындагы Интернет изилдөөлөрүнүн магистри наамын Родс стипендианты катары Оксфорд университетинде окуп, алган.

Брайан Эктон

Brian Acton

Брайан Эктон - 2009-жылы WhatsApp колдонмосун биргелешип негиздеген ишкер жана программачы. Колдонмо 2014-жылы Facebook компаниясына сатылып кеткенден кийин, кардарлардын маалыматтарынын жана максаттуу жарнамалардын колдонулушунун тегерегиндеги пикир келишпестиктерден улам, компаниядан кетип, коммерциялык эмес долбоорлорго көбүрөөк көңүл бура баштаган. 2018-жылдын февраль айында Эктон Мокси Марлинспайк менен биргеликте Signal Фондун түзүү үчүн өз чөнтөгүнөн $50 миллион доллар бөлүп берген. Signal Фонду - купуя шарттагы баарлашуу мүмкүнчүлүгүн кеңири жайылтып, баарына жеткиликтүү жана коопсуз кылууну көздөгөн коммерциялык эмес уюм.

WhatsApp жана Signal Фондуна чейин, Эктон 25 жылдан ашуун Apple, Yahoo жана Adobe сыяктуу компанияларда программачы катары иштеген.

Жей Салливан

Jay Sullivan

Жей - көптөгөн жылдар бою керектөөчүлүк технологиялар жаатында алдыңкы өндүрүшчү жана инженер кызматында эмгектенип келген өндүрүмдөрдү иштеп чыгуучу. Жакында эле Жей Twitter компаниясынын керектөөчүлүк жана киреше алып келүүчү өндүрүмдөр бөлүмүнүн башкы мүдүрү болуп, инженердик, өндүрүштүк, иштеп чыгуучу, изилдөөчү жана маалыматтар илимине байланыштуу иштерди жетектеп келген. Twitter компаниясына келгенге чейин, Жей Facebook компаниясындагы Reality Labs' бөлүмүндө ЖИ жардамчысын иштеп чыгуу долбоорун жетектеп, Messenger жана Instagram Direct кызматтарынын Купуялык, бүтүндүк жана системалар жамаатын башкарган. Жей Mozilla компаниясында Өндүрүмдөр бөлүмүнүн аткаруучу мүдүрү жана башкы операциялар мүдүрү болуп, жаңы чыгып келе жаткан Firefox серепчисинин негизги версияларынын жетекчиси жана адамдарга Интернетте көбүрөөк тандоо жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген веб платформанын алгачкы жарчысы болгон.

Ошондой эле Жей стартапчы болуп, Firefly Network (Microsoft компаниясынан сатылып алынган) жана Oracle компаниясында программалык камсыздоо боюнча инженер жана жетекчи инженер катарында иштеген.

Жей Йель университетинде Колдонмо математика жаатында бакалавр даражасын алып, Америка Кошмо Штаттарында бир нече патенттин иштелип чыгышына салым кошкон.

Кэтрин Махер

Katherine Maher

Кэтрин Махер - Викимедиа фондунун Википедия долбооруна жооптуу болгон мурунку башкы мүдүрү жана аткаруучу мүдүрү. Учурда Атлантикалык кеңештин тыштан келүүчү улук илимий кызматкери болуп, технологиялар, адам укуктары жана демократия маселелеринин үстүнөн иштейт. Викимедиага чейин Кэтрин Access Now уюмунда Санарип укуктарын коргоо бөлүмүнүн мүдүрү болуп иштеген. Махер Эларалык мамилелер кеңешинин мүчөсү, Дүйнөлүк экономикалык форумдун дүйнөлүк жаш лидери жана Трумандын Улуттук коопсуздук долбоорунун коопсуздук маселелери боюнча кызматкер. Кэтрин Технологиялар жана демократия борборунун мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү, Consumer Reports, the Digital Public Library of America, Adventure Scientists, System.com, жана Бейруттагы америкалык университеттин ишенимдүү өкүлү. Ал АКШнын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик департаментинин кеңешинин мүчөсү болуп дайындалып, Технологиялык саясат боюнча мамлекеттик катчынын кеңешчиси. Египеттин Каир шаарындагы америкалык университеттин Араб тили институтунда жана Сириянын Дамаск шаарында Institut français d'études arabes de Damas (L'IFEAD) институтунда окугандан кийин, 2005-жылы Нью-Йорк университетине караштуу Искусство жана илимдер колледжинде билим алып, Жакынкы Чыгыш жана ислам илимдери боюнча бакалавр даражасын алган.

Мередит Уиттакер

Meredith Whittaker

Мередит Уиттакер - Signal Фондунун президенти жана Signal Фондунун мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү.

Мередит өнөр-жай, билим берүү жана мамлекеттик тармактагы технологиялар жаатында 17 жылдан ашуун иштеген. Signal'га Президент катары келерден мурун, Нью-Йорк университетиндеги Миндеру Фондунда изилдөөчү профессор катары иштеп, өзү түптөгөн AI Now Институтунун деканы болгон. Анын илимий изилдөө эмгеги ЖА (жасалма акыл) жаатындагы дүйнөлүк саясатты иштеп чыгып, жалпы коомчулуктун ЖА тууралуу пикирин өзгөрткөн. Тагыраак айтканда, учурдагы ЖА талап кылгандай, бизнес ишине көз салуу жана өнөр-жай ресурстарын топтоо ишине көбүрөөк көңүл бурулган. Нью-Йорк университетинде иштегенге чейин, Google компаниясында он жылдан ашуун эмгектенип, программаларды иштеп чыгуучулар жана техникалык кызмат бөлүмүн жетектеп, Google'дун Open Research Group тобун негиздеп, бүгүнкү күнү Интернеттин майнаптуу иштеши тууралуу ачык маалымат берген дүйнөдөгү эң ири M-Lab платформасын негиздеген. Мындан тышкары, Google компаниясынын да ишин уюштурганга жардам берген. Мередит Уиттакер ЖА жана анын кесепеттерине байланыштуу элдин тынчсыздангандыгына Google компаниясы талапка ылайык жооп бербегениги үчүн Google Walkout кыймылынын башкы уюштуруучусу болгон. Ал Ак Үйгө, АКШнын Федералдык Байланыш Комиссиясына, Нью-Йорк шаарына, Европанын Парламентине жана башка көптөгөн өкмөттөр менен жарандык коомдун уюмдарына купуялык, коопсуздук, жасалма акыл, Интернет саясаты маселелери боюнча кеп-кеңештерин берип келген. Жакында АКШнын Федералдык Соода Комиссиясынын Жасалма акыл боюнча Улук Кеңешчи катары иштеген кызматынын мөөнөтү бүттү.

Emeritus

Мокси Марлинспайк

Moxie Marlinspike

Signal'дын негиздөөчүсү Мокси Марлинспайк.